Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Салык кызматынын Бирдиктүү терезелеринде видеобайкоо камералары орнотулат


Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапары учурунда билдирди. Балыкчы шаарында биринчи жолу ишке киргизилген мындай система азыр 33 салык органында иштеп жатат.

Бул система “Бирдиктүү терезеде” кызмат көрсөткөн салык кызматкерлеринин ишине көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Видеокамераларды жайылтуу чарасы 2015-17-жылга карата Cалык кызматынын өнүгүү стратегиясына киргизилген. Эми мындай кызматтар башка аймактык башкармалыктарда да пайда болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG