Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

"Вечерний Бишкек" Эркин Мамбеталиевден кечирим сурады


Бул туурасында “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматы билдирди. “Вечерний Бишкек” басылмасы үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде президентке жолдогон кайрылуусунда Эркин Мамбеталиев тууралуу жазылган маалыматтар чындыкка дал келбейт деп, Эркин Мамбеталиевден кечирим сурады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасын сотко берип, кадыр-баркыма шек келтирди деп 50 миллион сом талап кылган.

Кечээ 16-июнда Эркин Мамбеталиевдин доо арызы каралып, сот жараяны учурда тараптар өз ара тил табышып алышты.

"Вечерний Бишкектин" мурунку негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, акциялардагы өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, аны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG