Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Премьер-министр футбол оюнун уюштуруудагы кемчиликтерди белгиледи


Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришендей, премьер-министр Темир Сариев 16-июнда өткөн футбол оюну кыргызстандыктарга дем-күч бергени менен кемчиликтерге дагы орун берилгенин эскертти.

Ал уюштуруучулар күйөрмандарга жеткиликтүү шарт түзүп бере албаганын сындап, бул боюнча Ички иштер министрлигине, Дене тарбия жана спорт агенттигине жана Футбол федерациясына кечээги кырдаалга сереп салып, каталарга жол берген жетекчи жана кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгууну, мындай алешемдиктерге жол бербөө боюнча иш-аракеттерди көрүүнү тапшырды.

Кечээ Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы футбол таймашы Бишкектеги 18 миң орундуу стадиондо өттү. Болжол менен сыртта оюнду көрө албай 3-4 миң киши калып калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG