Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Кыйноолорду жок кылуу боюча Кыргызстандын мыйзамдары Эл аралык талапка жооп бербейт


Бул туурасында бүгүн парламент жыйынында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков билдирди. Анын айтымында, өзгөчө балдардын жабык жайларында кыйноо маселеси курч бойдон калууда.

Кылмыш кодексине ылайык, кызмат адамдары болуп саналбагандардын кыйноону колдонуусу кылмыш жоопкерчилиги катары каралбайт. Жабык мекемелерде негизинен кыйноолор жана адамгерчиликсиз мамилелер эреже катары бала багуучу айым, тазалагыч өңдүү кызматкерлер тарабынан жасалат. Эл аралык мыйзамдардын кыйноо аныктамасына кыйноо көрсөткөндөрдүн катарына кызмат адамдарын гана эмес расмий негизде көрсөтүлгөн башка адамдарды дагы киргизишет.

Сурамжылоолорго караганда, түнкү учурда багуучу айымдар жана тазалагычтар уруп-сабоо аракеттерин көргөндүгү аныкталган. Мындай фактылар психиатриялык мекемелерде орун алган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG