Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Постекоглу: Кыргызстандын азыркы курамы сакталышы керек


Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Анж Пастекоглу. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.
Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Анж Пастекоглу. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.

16-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Австралиянын футбол курамаларынын оюну 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады.

2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтчү беттештен кийин маалымат жыйыны уюштурулду.

Анда Австралиянын башкы машыктыруучусу Анж Пастекоглу оюн жогорку деңгээлде өткөнүн, күйөрмандар оюнга жакшы атмосфера түзүп беришкенин айтып, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Анж Пастекоглу: Биз бул оюнда жеңишке жеткенибизге кубанычтабыз. Жакшы оюн болду. Кыргызстан курамасын куттуктайм. Силердин күйөрмандар керемет атмосфераны түзүп беришти. Алар командаңарга дем-күч берип, алга сүрөп жатышты.

- Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчулары тууралуу сиздерде кандай пикир пайда болду?

Анж Пастекоглу: Жогоруда айткандай, оюн эң жакшы өттү. Кыргызстандык футболчулар мыкты оюн көрсөтүштү. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин эмгегин баса белгилей кетишим абзел. Ал команданы бир бүтүнгө чогулта алды. Эми Сиднейде боло турган жооптук беттеште мындан башкача оюнду күтөм.

- Австралиянын өкүлдөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун абалын сындап жазып чыгышкан. Стадиондун абалы сиздердин оюнга кандай таасир берди? Көйгөй жаралган жокпу?

Анж Пастекоглу: Оюн талаасы жакшы эмес сапатта болду. Эгерде деңгээли жакшы болгондо бул беттешти башкача өңүттө ойноого аракеттенмекпиз.

- Оюн жыйынтыгына ыраазысызбы?

Анж Пастекоглу: Ооба. Анткени биз жеңдик.

- Австралия курамасы Кыргызстандын оюнчуларын өзүнө теңдеш атаандаштай эле кабыл алыштыбы?

Анж Пастекоглу: Биз Кыргызстандын Бангладеш менен болгон оюнун көрдүк. Ал беттеште команда өзүн жакшы жагынан көргөзө алды. Бирок бул беттеште жеңиш ээси биз болдук. Ошондуктан жеңүүчүлөрдү эч убакта сындоого болбойт.

- Кыргыз курамасы үчүн кандай кеңеш бере аласыз?

Анж Пастекоглу: Кыргызстандын азыркы курамы өзгөрбөстөн сакталышы керек. Бул курамдын оюнчулары бири-бирин жакшы түшүнүп, мыкты ойношу үчүн бирге көп оюнга чыгуулары зарыл. Бишкекке келип ойной турган Бангладеш жана Тажикстан курамалары дагы биздей эле кыйынчылыкты башынан кечирет деп айтаар элем.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG