Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргызстандык тогуз жаран бошотулду


Бул туурасында “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери Алматы облусунун Илий районундагы Акчи аймагында айдоо талаасында документи жок жүргөн кыргызстандык тогуз жаранды таап алышты.

Казакстандын укук коргоо кызматкерлеринин жардамы аркылуу бул жарандар Чүй облусунан Чу дарыясы аркылуу мыйзамсыз Казакстандын аймагына алынып келинип, талаада коркутуп-үркүтүү менен акысыз жумушка салынгандыгы аныкталган. Жарандар жер төлөлөрдө өтө оор шартта жашаган. Консулдуктун кызматкерлери келгиче талаада 17 кыргызстандык жаран иштеп жатканы белгилүү болду. Бирок ал жерди иштеткен кожоюн айрым жумушчуларды камыштын арасына, арыктарга катып коюуга жетишкен.

Ушул тапта бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Кулчулуктан бошотулган жарандар Алматы шаарындагы реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылып, аларга психологиялык, укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG