Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Түркияда мурдагы президент Сулейман Демирел дүйнө салды


Сулейман Демирел. Анкара, 27-март, 2000-жыл.
Сулейман Демирел. Анкара, 27-март, 2000-жыл.

Сулейман Демирел бүгүн эртең менен Анкарада 90 жаш курагында каза тапты. Ал акыркы күндөрү саламаттыгы жакшы болбой, ооруканада дарыланып жаткан.

Демирел 1965 -1993-жылдардын аралыгында беш жолу премьер-министр болуп, эки жолу аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кеткен. 1993-жылдан 2000-жылга чейин Түркиянын президенти болгон.

Сулейман Демирел 1924-жылдын ноябрында өлкөнүн батышындагы Испарта аймагында фермердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Инженер-куруучу адистиги боюнча билим алган. Бийликке алгач Акыйкаттык партиясынын лидери катары 1965-жылдагы жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен келген.

XS
SM
MD
LG