Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

УКМК: Чет өлкөгө кеткендерди билип-билбей туруп Сирияга кетти дегендер бар


УКМКнын басма сөз катчсы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, массалык маалымат каражаттарында Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Кыргызстандан миңдин тегерегинде адам кетиши мүмкүн деген маалыматтар чындыкка туура келбейт.

16-июнда Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин, "Талибан" жана "Ислам мамлекети" террордук топторунан келчү коркунучтарга каршы турууну талкуулаган тегерек столдо расмий эмес маалыматтарда Сирияда жүргөн кыргызстандыктар миңге жетиши мүмкүн экени айтылган.

“Көлдүк бир үй-бүлө Түркияга кетсе, аларды да Сирияга кетти деп алышыптыр. Ал үй-бүлөнүн Сирияга кетпей эле, Стамбул шаарына барып, соода кылып иштеп жүргөнүн тактадык. Бул деген “Самаркандда саман өрттөндү десе, Самарканд өрттөндү” дегендей эле кеп. Учурда Кыргызстандын өзүнөн Сирияга жөнөп жаткандар өтө аз. Көбүнчө чет өлкөлөрдө жүргөн биздин мигранттарыбыз ар кандай жолдор менен азгырылып, Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жөнөп кетүүдө”,-деди Рахат Сулайманов.

Соңку расмий маалыматтар боюнча Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 352 болду. Июнь айында 20дан ашуун адамды Сирияга кетип бара жаткан жеринен, аэропорттон кармап, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Сирияга кеткен жарандардын бардыгынын тек-жайы аныкталган. Алардын ичинен 31 каза болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG