Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы кызматтан кетти


Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы Айдарбек Смадияров өз каалоосу менен кызматынан кеткенин төрага орун басары Марат Акатов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Смадияров депутаттык мандатын да тапшырып, биротоло кеңештен кеткен.

Өткөн жума соңунда Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев жергиликтүү кеңештин депутаттары жана облус жетекчилиги менен бирге иштөөгө мүмкүн болбой калганын айтып, отставкага кеткен эле. Ал Айдарбек Смадияров депутаттарды сессияга чогулта албай жатканын, эл өкүлдөрү аны төрагалыктан кетүүсүн талап кылып келишкенин билдирген.

Азыр шаардык кеңештин төрагалык милдетин убактылуу Марат Акатов аткарууда, ал эми Балыкчы шаарынын жаңы мэрин шайлоо 6-июлга белгиленди. (AsA)

XS
SM
MD
LG