Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кыргызстан санарипке өттү


Кыргызстан DVB-T2 санарип агымын тандап алган
Кыргызстан DVB-T2 санарип агымын тандап алган

Өкмөт 17-июндан баштап Кыргызстан санарип телеберүүгө өткөнүн жарыялаганы менен параллель аналогдук сигнал да таратылып жатат.

Элге бекер таратылат делген санарип себеттин ичинде Орусиянын да бир нече федералдык телеканалдары камтылган.

Өлкөнүн санарип телерадио агымдарына өтүү үчүн өкмөт 300 миллион сом каражат сарптады.

17-июнда Улуттук байланыш агенттигинде өткөн жыйында премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан расмий түрдө санариптик телерадиоберүүгө өткөнүн жарыялады.

- Бүгүнтөп баштап эл аралык Женева-2006 келишими өз күчүнө кирди. Бул дегендик аналогдук телерадио жыштыктарын эл аралык коргоого алуу токтотулду. Санарипке өтүү иш-чараларынын алкагында бюджеттен жалпы суммасы 300 млн. сом бөлүнгөн. Учурда экинчи этаптын жыйынтыгында төрт дивизиондук тармак ишке берилип, социалдык пакетти таратуу өлкө аймагынын 79 пайызын камтыды.

Азырынча калктын басымдуу бөлүгү аналогдук сигналдарды көрүүдө
Азырынча калктын басымдуу бөлүгү аналогдук сигналдарды көрүүдө

Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, санарип телеберүүгө өтүү программасынын алкагында Кыргызстан бюджетинен 300 миллион сомдон сырткары дагы 154 миллион сом социалдык санарип себетине кирген каналдарды техникалык колдоого бөлүнмөкчү.

Кыргызстан DVB-T2 санарип агымын тандап алган. Адгенде Баткенде ишке киргизилген санариптик DVB-T форматы бир жылдан кийин жаңы DVB-T2 агымына которулат.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Эрнис Мамыркановдун айтымында, аналог сигналдарын таратуу дагы бир жыл тейлене берет.

- Баткен облусунда мурда кошулган DVB-T форматында чыгып турат. Кийин калган аймактарда учурда таратылып жаткан DVB-T2 агымына кошулат. Андан сырткары учурда аналог сигнал таратып жаткан каналдар бир жыл иштеп турат берет.

Санарипке өтүү иш-чараларынын алкагында бюджеттен жалпы суммасы 300 млн. сом бөлүнгөн.

Буга чейин коомчулукта талаш жараткан орусиялык жана башка коммерциялык телеканалдардын социалдык пакетке кирүүсү тууралуу маалыматты тактоо үчүн Маданият жана маалымат министрлигине кайрылганыбызда, министрдин орун басары Айнура Темирбекова бул каналдар үчүн сынактан сырткары экинчи мультиплекс бөлүнгөнүн, учурда сигналдар текшерүүдөн өтүп жатканын билдирди:

- Атайын орусиялык жана менчик телеканалдары үчүн экинчи мультиплекс курула баштады. Учурда сыноо сигналдары Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында акысыз эле таратылып жатат. Жалпы калктын 40 пайызын камтыды. Ал эми биринчи социалдык мультиплекс сентябрь айына чейин 90 пайыздан ашык аймакты камтыйт.

Демек экинчи мультиплекс Орусия жана жергиликтүү жеке менчик каналдары үчүн бекер бөлүнүп, бирок берүүлөрдү санариптик форматка өткөрүүчү, таратып берүүчү жабдыктарды алуу, станцияларды куруу тарабын каналдар өз мойнуна алышкан.

Көч бара-бара түзөлөт

Ал арада жеке каналдар эчак эле “Санарип технологиялар” биргелешкен ишканасын түптөгөн. Бул бирикменин өзүн тааныштыргысы келбеген мүчөсүнүн айтымында, жеке каналдар санарип берүүгө керектүү жабдыктарды ортодо сатып алып, учурда сигналдарын сынактан өткөрүп жатат.

КТРКнын «Баластан» каналынын бетачарына арналган иш-чара
КТРКнын «Баластан» каналынын бетачарына арналган иш-чара

Учурда мамлекеттин социалдык санарип себетинде КТРК жана анын тармактык "Маданият", "Баластан" каналдары, ЭлТР, Мир, 5-канал, Пирамида каналдары көрсөтүлүүдө. Аймактарда Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустук телекомпаниялары жана аймактык “Ынтымак” ТРКсы бар. Кийинчирээк бул себетке “Ден соолук”, “Ала-Тоо 24”, “Спорт” жана “Музыка” каналдары кошулат.

Учурда Кыргызстандын соода түйүндөрүндө DVB-T2 санарип каналдарын кабыл алгычтар (ресивер) сатылууда.

Деген менен көпчүлүк эл мурда көнүп калган адатынча аналогдук жана кабелдик сигналдарды көрүүсүн улантууда.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча бирикменин келишимине кол койгон.

Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан ушул жылы толугу менен өтүү аракетинде.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG