Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Германияда украин банкири кармалды


Банкир Борис Тимонкин Берлиндин четиндеги Шенефельд аба майданынан 14-июнда кармалганын Германия бийликтери бүгүн жарыялады. Украина Интерпол аркылуу издөө салган банкир Стамбулдан учуп келген учурда кармалган.

Немис полициясы 63 жаштагы Тимонкинди Украина мамлекети 281 миллион еврого (315 млн. доллар) алдаган деп айыптап жатканын билдирди. Украин Ички иштер министрлиги болсо ал издөөдө жүргөн бизнесмен досу Сергей Курченко жетектеген кылмыштуу топко тиешеси бардыгына шектелгени үчүн бир ай мурда издөөгө алынганын кабарлады.

Сергей Курченко мурдагы президент Виктор Януковичтин тушунда өлкөнүн газ тармагындагы ири оюнчулардын бири болгон. Янукович бийликтен кулатылган соң ал да өлкөдөн качып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG