Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Астанада базардагы чатакка байланыштуу 18 адам кармалды


Казак баш калаасынын ички иштер департаментинин маалымат кызматы "Артем" соода борборунда болгон кечээ кечиндеги чатакка байланыштуу 18 киши кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, 30 жаштагы тилемчи аял үч баласы менен кайыр сураганы соода борборуна кирмекчи болгон. Бирок эшик тоскон күзөтчүлөр аны киргизбей койгондон улам ортодо кайым айтышуу чыккан. Окуя андан ары бул жерге адамдар топтолушу менен уланып, чогулган адамдардын саны бат эле көбөйүп кеткен. Алардын көпчүлүгү кайырчы келинге боор ооруп, анын таламын талашкан. Күбөлөрдүн айтымында, ортодо мушташ да чыгып, топтошкон адамдар бир нерсени күткөндөй түнкү 12ге чейин тарабай туруп алган. Аларды полиция келип таратууга аргасыз болгон.

Ички иштер департаментинен бул окуя боюнча "жеке күзөт кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан аша чабышы" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүлөр башталганын кабарлашты. Ошондой эле соода борборунун коопсуздук кызматкерлеринин арызы менен "ээнбаштык" беренеси боюнча да материал тиркелгенин кошумчалашты.

"Артем" Астананын эски бөлүгүндөгү базар. Анда соода-сатык менен алектенген кыргыз мигранттары да иштейт.

XS
SM
MD
LG