Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Бишкекте Facebook колдонуучулары велоакция өткөрөт


Facebook колдонуучулары бүгүн “Биз сергек жашоо үчүн” аттуу веложүрүшкө чыгышат. Алар “Ак Кеме” мейманканасынын алдынан Орто-Сай айылынын өйдө жагындагы Боз-Бѳлтѳк тоосуна орнотулган Кыргызстандын желегине чейин барышат. Уюштуруучулар жарандарды виртуалдык жашоодо гана эмес, реалдуу турмушта да достоштуруу максатын көздөп жатышканын билдиришти. Жүрүшкө саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү жана жөнөкөй интернет колдонуучулар чакырылган.

Кыргызстанда буга чейин Facebook колдонуучулары футболдук беттештерди жана жаңы жылдык оюн-зоокторду уюштурушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG