Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Йемендеги жарылуу ондогон адамдын өмүрүн кыйды


Шаршемби күнү өлкө борбору Сана шаарында катары менен болгон үч жарылуудан кеминде 30 киши мерт кетип, дагы ондогон адам жараат алды. Жарылуулар мечиттерде жана хусит козголоңчуларынын турумунда болду. Буга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Йемендеги өкүлдөрү өзүнө алып, интернет аркылуу билдиришти.

Ошол эле күнү хуситтер саясатчы Абдел-Азиз Жубаринин үйүн жардырышты. Жубари өзү Женевада кырдаалды жайгаруу боюнча БУУнун ортомчулугу менен уюштурулган сүйлөшүүлөргө катышып жаткан эле. Бирок азырынча ал жыйындан майнап чыга элек.

Ал арада Сауд Арабия баштаган коалиция хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку урууну улантууда. (SE)

XS
SM
MD
LG