Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Рябушкин “ВБнын” ээлеринин бири болуп калганын жарыялады


Александр Рябушкиндин бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Жогорку Сот Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин колдоп, анын “Вечерний Бишкекке” ээлик кылган "Рубикон" фирмасынын 50% акциясына ээ экенин 17-июндагы чечими менен тастыктады. Ошондуктан ал “Вечерний Бишкектин” ээлеринин бири болуп калды. Жакынкы күндөрү ээлик кылууга киришүүгө аракеттенет. Бирок азыркы кезде Рябушкин Бишкек шаардык сотунда кезектеги соттук териштирүүгө даярдык көрүп жатканын кошумчалады. Анда Рябушкиндин Александр Кимге 388 млн. сом доо арызы каралат. Биринчи май райондук соту бул маселе боюнча Рябушкиндин пайдасына буга чейин чечим чыгарган.

“Вечерний Бишкек” гезити Жогорку Соттун чечимин мыйзам бузуучулук катары баалап, бул чечимдин артында таасирлүү адамдар турат деп билдирди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG