Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Дене тарбия жана спорт Академиясы бильярд адистерин даярдайт


Бильярддын снукер түрү.

Бильярддын снукер түрү.

Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясы 2015-2016-жылдагы окуу жылынан тартып бильярд спорту боюнча машыктыруучулук адистикке окута баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган адистикти ачуу боюнча демилгечилердин бири, Бишкектеги балдар өспүрүмдөрдүн адистештирилген бильярд спорту мектебинин машыктыруучусу Ильяз Адамов билдирди. Анын айтымында, бильярд спортунан жогорку билимдүү машыктыруучуларды даярдоо учур талабы болууда.

Адистикти ачуу үчүн окуу жайдын жетекчилигинен жана окуу методикалык кеңешинен тиешелүү уруксат документтер алынып, студенттерди окутуу үчүн керектүү лекциялар, иш пландары түзүлгөн. Окууга өтүүнү каалагандар Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз эле норматив тапшырса болот. Күндүзгү бөлүмдө окуу 4 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө 5 жылга созулат. Адистерди даярдоо негизинен орус бильярдына (пирамида) багытталат. Снукер, Пул ж.б. түрлөрүнөн да кошумча лекциялар болуп, жалпы маалыматтар берилип, ойноо техникалары үйрөтүлөт.

Ильяз Адамов белгилегендей, бильярд спортчу боюнча адистикке окутуу Орто Азия өлкөлөрүндө Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылууда. Ал кошумчалагандай КМШ өлкөлөрүндө Орусияда, Белорусияда жана Украинада бильярд адистерин жогорку окуу жайда окутушат. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG