Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Талас: үй-бүлөлүк спорт таймаштары болот


19-июнда Талас облусунун Көк-Ой айылдык аймагында үй-бүлөлүк спорт таймаштары башталат. Айдын аягына чейин дагы төрт жолу өтө турган бул иш-чара сергек жашоого үгүттөө, ата-энелерге үй-бүлөнүн жана балдардын бош убактысын туура өткөрүүнү уюштурууга жардам берүү максатын көздөйт.

“Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору уюштурган бул иш-чараларга окуучулар, ата-энелер, жаштар жана аялдар комитеттеринин, бийликтин өкүлдөрү катышат.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаралардын жыйынтыгында үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара байланышы дагы да бекемдеп, тарбиячылар менен ата-энелер балдарды тарбиялоодо тажрыйба алмашып, окуучулар дене тарбия көнүгүүлөрүнө тартылып, бош убакытты жигердүү жана пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG