Линктер

жекшемби, 23-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:29

Улуттар уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасына караганда, “куугунтуктан, жаңжалдардан, кыянатчылыктардан, адам укугун бузуулардан” качкандардын саны 59,5 миллионго жетти. 2014-жылдын жыйынтыгы менен чыгарылган бул эсеп качкындар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 8,3 миллионго көбөйдү дегенди туюндурат.

Жалпысынан үй-жайынан таштап качууга аргасыз болгон 59,5 миллион адамдын 38,2 миллиону өз өлкөсү ичинде жер которгондор, 19,5 миллиону качкын катары чет өлкөгө убактылуу кеткендер, 1,8 миллиону башпаанек сурап жаткандар.

Дүйнө качкындарынын жарымынан көбү балдар.

3,9 миллион жараны жер которууга мажбур болгон Сирия Ооганстандан ашып өтүп, качкындардын эң ири булагына айланды.

Дээрлик 1,6 миллион адамга башпаанек берүү менен Түркия азыр качкындарды кабыл алуу жагынан биринчи орунда турат. Андан кийинки орунду 1,5 миллиондон бир аз ашуун качкынды батырган Пакистан ээледи.

Украинадагы жаңжал Орусияга келген качкындар санын 232 миңге жеткирди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG