Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Гонконгдун мыйзамгерлери Бээжиндин шайлоо планын четке какты


Гонконгдогу демонстрациялар. 26-ноябрь, 2014-жыл.

Гонконгдогу демонстрациялар. 26-ноябрь, 2014-жыл.

Гонконгдон түшкөн маалыматтарга караганда, саясий реформалар боюнча Бээжин колдогон план демократиячыл мыйзамгерлердин биримдигинен улам четке кагылды.

План өтпөй турганы билинип калганда өкмөтчүл депутаттар жыйын залын таштап кетишкен. Добуш берүүгө катышкан 37 депутаттын сегизи Бээжиндин сунушун колдосо, 28си каршы чыкты.

Кытай бийликтери сунуштаган план боюнча Гонкондун башчысы биринчи ирет 2017-жыли түз шайланмак, бирок талапкерлер тизмеси алдын ала Бээжин тарабынан жактырылып, бекитилиш керек.

Бул план Гонконгдо былтыр массалык нааразылык акцияларын жаратып, активисттер муну “жалган демократия” деп мүнөздөшкөн болчу.

Шайлоо реформасы боюнча сунуштун четке кагылышы Гонконгдун башчысы мурдагыдай эле атайын комитет тарабынан тандалат дегенди билдирет. Ал комитеттин курамы азыр Бээжинге лоялдуу адамдардан турат. Кытай Гонконгду Британиядан 1997-жылы өткөрүп алган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG