Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Футбол федерациясы: орусиялык компанияга 68 миң доллар төлөдүк


“Панорама HD” компаниясынын көчмө станциясы
“Панорама HD” компаниясынын көчмө станциясы

Кыргызстандын футбол федерациясы Кыргызстан-Австралия оюнунун түз чагылдырып бергени үчүн 68 миң АКШ долларын төлөдү.

Бул туурасында Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев билдирди. Оюнду Орусиянын “Панорама HD” компаниясы түз көрсөтүп берген. Белгилей кетсек, компания 2014-жылдагы Сочидеги Олимпиада оюндарынын расмий чагылдыруучусу болгон. “Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын Футбол федерациясы ири масштабдагы түз көрсөтүүнү уюштурду. Аны менен чогуу бардык кеткен чыгашаны мамлекет эмес, Футбол федерациясы каржылады”, – деди Кадыралиев. Жалпысынан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 11 видеокамера орнотулуп, КТРК жана Fox sports каналынын Австралиядагы бөлүмү оюнду көрсөттү. (SDz)

XS
SM
MD
LG