Линктер

дүйшөмбү, 16-январь, 2017 Бишкек убактысы 19:08

Орусия Евробиримдик үчүн азык-түлүк эмбаргосун улантат


Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев бүгүн билдиргендей, эгер Евробиримдик экономикалык санкцияларын узартаса, алардын айыл-чарба продукциясына каршы ушундай эле чарага Орусия да барат.

“Биз кво-макамын гана сактайбыз, айыл-чарба продукциясына эмбарго санкциялык режимге жооп катары киргизилген”,- деди Улюкаев РИА-Новости агенттигине.

Былтыр Москва Евробиримдиктен, Кошмо Штаттардан жана Крымдын аннексиясынан улам Орусияга санкция киргизген башка өлкөлөрдөн сүт азыктарын, эт, балык, быштак, жашылча жана жер-жемиш импорттоого тыюу салган.

Евробиримдик Орусиянын энергетика, каржы жана аскерий чөйрөлөрүнө каршы буга чейин киргизилген санкцияларды 22-июнда дагы алты айга узартары күтүлүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG