Орусиянын ТАСС кабар агенттиги бул маалыматты Индиянын Бажы кызматына шилтема жасап таратты.
Маалыматка караганда, Нью-Делиге Бишкектен барган кыргыз жараны бажы декларациясында салмагы 922 грамм же наркы 35 миң доллар (2,2 рупий) келген зер буюмдарын көргөзбөй койгон.
ТАСС агенттигинин кабарында Нью-Делиде кармалган кыргыз жаранынын ысымы айтылган эмес.
Индияда бажы мыйзамын бузгандар үчүн айыппул төлөөгө туура келет. Анын өлчөмү тыюу салынган жүктүн түрүнө жана наркына жараша белгиленет. (UE)