Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Лорри Фейр Караколдо кыздарга футбол үйрөтүүдө


Лорри Фейр Караколдо

Лорри Фейр Караколдо

Каракол шаарына 18-июнь күнү аялдар футболу боюнча олимпиадалык чемпион Лорри Фейр келди. Ал калаадагы кыздар курама командасына сабак өтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүүдө жана өзгөчө ыкмаларды үйрөтүп жатат.

- Кыздардын аракетчилдигин көрүп абдан суктандым. Кайсы жерде болбосун футболду өнүктүрүүгө колдоо керек. Бул кыздарга колдоо болсо, дүйнөлүк чемпиондор өсүп чыгат, - деди Фейр.

Лорри Фейр АКШ курамасынын өкүлү. Буга чейин Тоң районунун ал Бөкөнбаев жана Төрт-Күл айылдарында окуучулар менен жолугушту. Ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкекте өтчү футбол фестивалына катышат. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG