Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Царнаевдерге көмөктөшкөн Матанов 2,5 жылга кесилди


АКШнын Бостон шаарындагы жардырууларды уюштуруу боюнча соттолгон Жохар Царнаевдин таанышы, кыргызстандык 24 жаштагы Хайруллажан Матанов эки жарым жылга кесилди. Ал АКШнын Федералдык тергөө бюросунун ишине тоскоол болууга аракет кылган жана жалган көрсөтмө берген деп айыпталган.

2014-жылдын май айында кармалган Матанов жакында күнөөсүн моюнуна алган.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурундагы жардыруу 3 кишинин өмүрүн кыйып, 250 адам жараат алган. Окуяга шектелгендердин бири Темирлан Царнев кармоо учурунда полиция аткан октон мерт кеткен. Иниси Жохар Царнаев колго түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG