Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 12:11

Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн 18-июнда Санкт-Петербург шаарына барды. Форумдун алкагында ал орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушарын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форум “Бирдиктүү күч менен стабилдүүлүккө жана өнүгүүгө карай” деген ураандын алкагында 20-июнга чейин уланат. Ага миңден ашуун бизнес өкүл катышарын, арасында 450гө жакыны чет элдиктер экенин орус маалымат каражаттары жазууда.

Форум 1997-жылдан бери уюштурулуп келатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG