Алматы шаарында Абилхан Кастеев атындагы музейде “Ислам архитектурасы” деген аталышта көргөзмө ачылды. Мусулмандардын курулуш маданиятына арналган иш-чарага Борбор Азиядагы кыркка жакын имараттардын макеттери жана сүрөттөрү коюлган. Көргөзмөнү эл аралык Ислам кызматташтык уюму уюштурду. Ал “Алматы – ислам маданиятынын борбору-2015” өнөктүгүнүн алкагында өтүүдө. Көргөзмө үч күнгө созулат.
Былтыр Бишкек ислам маданиятынын борбору деп жарыяланган эле. (SE)