Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

“Шериктештик балдары-2015” форуму башталды


Ысык-Көлдө «Шериктештик балдары – 2015» деген аталышта эл аралык маданий-агартуу форум башталды. Анын алкагында Кыргыз маданияты жана кыргыз тили күнү, Экинчи Дүйнөлүк согушту эскерген иш-чаралар, балдардын чыгармачылыгына арналган фестиваль өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара катышуучулары атуулдук парзды даңазалаган роликтерди даярдап, «Согуш балдарынын оюнчугу» аттуу көргөзмө да уюштурушат.

Форумга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларус, Азербайжан жана Өзбекстандан балдар келген. 17-24-июнь күндөргө белгиленген иш-чараны Жогорку Кеӊеш менен КМШнын Парламент аралык ассамблеясы өткөрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG