Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Данияда парламенттик шайлоодо оппозиция жеңди


Мурдагы премьер-министр Ларс Лёкке Расмуссен баштаган оппозиция Данияда өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыкты. Добуштардын 52 пайызы аларга ыйгарылганын жана 90 мандат менен парламентте көпчүлүк коалицияга ээ болушарын шайлоо комиссиясы билдирди. Ал эми Хелле Торнинг-Шмитт башчылыгындагы Социал-демократтар партиясына 85 мандат бөлүнөт.

Торнинг-Шмитт азыркы өкмөт отставкага кетерин, жаңы өкмөттү шайлоодо жеңип чыккан оппозиция өкүлдөрү түзөрүн билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG