Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Орус ММКсы: Кыргызстан бар мыдырын сатууда


“Дастан” заводун сатууга даярданып жатат деп кабарлайт “Независимая газета” басылмасы.
“Дастан” заводун сатууга даярданып жатат деп кабарлайт “Независимая газета” басылмасы.

“Независимая газета” басылмасы Кыргызстан колундагы мүлктүн баарын сатып жатканын жазат.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин прогноздору боюнча быйылкы жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 6,9 пайызга кыскарат. Ошондой эле электр энергиясын өндүрүүнүн, тышкы соода-сатыктын жана насыя берүүнүн көлөмүнүн дагы азайышы күтүлүүдө.

Ал эми товарларды сыртка экспорттоо 2013-жылы 5 пайызга, 2014-жылы 22 пайызга кыскарган. Мамлекеттик бюджеттеги таңсыктыкты жоюу үчүн кыргыз бийлиги “Кыргызстан” авиакомпаниясын, “Альфа-Телеком” мобилдик операторун, “Дастан” заводун сатууга даярданып жатат деп кабарлайт “Независимая газета” басылмасы. Бул тизмеге “Кыргыз темир жолу” жана “Кыргызпочта” ишканалары да кириши мүмкүн деп айтылат макалада.

Учурда өлкө экономикасы чет жактан берилген насыя жана гранттык каражаттар менен сакталып турат. Евробиримдик жакында эле Кыргызстандын бюджетине 10 миллион доллар берген. Кытай жол курулуштарына 300 миллион доллар берүүнү убада кылган. Европалык өнүгүү банкы суу менен жабдуу системасын жаңылоого 4 миллион евро берүүгө даяр. Ал эми Москва орус-кыргыз өнүгүү фондуна 500 миллион доллар бөлгөнү белгиленет.

Кыргыз бийлиги алтын жана кен иштетүүдөн түшчү кирешеге ишенүүдө. Бирок жакында эле Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн сынакты жеңип алган орусиялык инвесторлор "Кумтөр синдромуна" туш болушту. Жергиликтүү активисттер “алтынды элге кайтаруу” талаптары менен митингге чыгып, ишти баштоого каршылык болуп жатканы айтылат.

“Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кире электе эле курч экономикалык көйгөйгө туш болууда, интеграциялык биримдикке толук киргенден кийин өлкөнүн экономикалык абалы кандай болоорун эч ким так айта албайт” деген корутунду чыгарылат макалада.

Орусияда иштеген Кыргызстандын жарандары орусиялыктар сыяктуу 30 пайыздын ордуна 13 пайыздык киреше салыгын төлөшөт деп жазат “Российская газета” басылмасы. Евразия экономикалык биримдигинин миграциялык саясаты кыргыз жарандарына бир катар жеңилдиктерди берет. Кыргыз жарандары 30 күн ичинде миграциялык каттоого туруудан, жумушка уруксат берүүчү атайын документтерди алуудан, орус тили жана тарыхы боюнча экзамен тапшыруудан бошотулат. Алар эмгек келишиминин негизинде Орусияда жүрүүгө уруксат алышат.

Сахароводогу миграциялык борбор
Сахароводогу миграциялык борбор

Ал эми Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын “кара тизмесине” түшкөн жарандарга эч кандай амнистия берилбейт. Федералдык кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө департаментинин жетекчиси Сергей Темрячиков миграциялык мыйзамдарды бузгандар үчүн келишимде эч кандай жеңилдиктер жок экенин айткан. Бирок айрым категориялар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жеңилдиктер каралышы мүмкүндүгү белгиленген.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги менен Борбор Азияга будуң-чаң салууну көздөп жатканын ачык жарыялады деп жазат “Центральная Азия.ру” интернет басылмасы. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников маалымдаган.

Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн антитеррористтик борборунун түзүлүшүнүн 15 жылдык салтанатында Александр Бортников Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү сактоо үчүн эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга өтүү зарылдыгын белгилеген. Биринчи кезекте “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лагерлери жана курал-жарак базалары жайгашкан өлкөлөрдүн атайын коопсуздук кызматтары менен иштешүү керектиги белгиленген.

"Скорпион" атайын даярдыктагы кыргызстандык жоокерлер
"Скорпион" атайын даярдыктагы кыргызстандык жоокерлер

Алгач эл аралык терроризмге каршы күрөшчү күч катары уюшулган КМШ өлкөлөрүнүн антитеррористтик борбору бүгүнкү күндө “шериктештикке кирген өлкөлөрдүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуудан коргошу керек” деп айткан Федералдык коопсуздук кызматынын директору Бортников.

“Кезексиз шайлоолордун сыры” деп аталган макалада “Ведомости” басылмасы Орусиянын саясий чөйрөсү Мамдумага депутаттарды шайлоонун жылдырылышын активдүү талкуулап жатканын жазат. Анда Мамдумага шайлоо мөөнөтү 2016-жылдын декабрь айынан сентябрга которулганы айтылат. Экономист Евгений Гонтмахер депутаттык шайлоолорду мөөнөтүнөн эрте өткөрүүнү жарыялоодон кийин эле президенттик шайлоону дагы кезексиз өткөрүү боюнча сунуштар карала баштаарын болжолдогон. “Путин кезексиз президенттик шайлоону жарыялоого камданып жатат” дейт экономист Евгений Гонтмахер.

Ошол эле учурда Орусиянын мурунку каржы министри Алексей Кудрин Санкт-Петербургдагы эл аралык форумда Орусияда президенттик шайлоону кезексиз өткөрүү боюнча сунушун көтөрүп чыккан. Алексей Кудрин.

Казакстанда өткөн президенттик шайлоону жана Нурсултан Назарбаевдин “100 так кадам” деп аталган программасын мисалга алуу менен кезексиз президенттик шайлоо өлкөнүн өнүктүрүү программаларын иш жүзүнө ашыруу үчүн керектигин белгилеген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG