Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Таласта өз уулун сатты деген жаран изделүүдө


Таласта милиция өзүнүн 2,5 жашар баласын Нарынга сатып жиберген деп шектелген жаранга издөө жарыялады. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-майда акыйкатчыга Талас облусунун тургуну сиңдисинин уулун күйөө баласы сатып жибергени тууралуу арызданып кайрылган. Арыз ээси бул көйгөйгө жергиликтүү милиция көңүл бурбай жатканын айткан.

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин бала энесине кайтарылып, окуя боюнча кылмыш иш козголгону кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG