Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Депутаттык топ түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды


Жогорку Кеңеш парламенттин ичинде депутаттык топторду түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Ал кечээ, 18-июнда үчүнчү окууда жактырылганын бүгүн "Азаттыкка" регламент боюнча комитеттен кабарлашты. Эми мыйзам долбоор президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

"Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору президенттин да колдоосуна ээ болсо, анда депутат саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган депутаттардан турган фракциянын курамында иштөөгө гана укуктуу болот.

2010-жылы шайланып келген азыркы парламенттеги беш фракциянын ичиндеги айрым депутаттар бөлүнүп чыгып, өзүнчө топторду түзүп алган.

Депутаттык топтор мыйзамсыз экенин былтыр күзүндө Жогорку Кеңештин Конституциялык палатасы да билдирген болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG