Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Соттор кеңеши судья Сооронкулованы жоопко тартуу керек деп эсептейт


Кыргызстандын Соттор кеңеши Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Клара Сооронкулованы иштен алуу керек деп эсептейт. Мындай тартиптик жоопко тартуу чарасын кеңеш "Сооронкулова палатада каралып жаткан иш боюнча журналисттерге билдирүү жасап, төрага жана судьялардын наамына сын пикир айтып, судьянын абийир кодексинин талаптарын бузганы үчүн" деп түшүндүрүүдө.

Соттор кеңешинин Сооронкулованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу аркылуу жазалоо чечими Жогорку Кеңешке сунуш киргизүү үчүн президентке жөнөтүлдү.

Кыргыз өкмөтү быйылкы парламенттик шайлоого биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар катыша албайт деген чечим чыгарган. Ал эми судья Сооронкулова биометрикалык маалыматтарды топтоо жарандардын конституциялык укугун бузат деген оюн ачык айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG