Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Европа биримдиги Грецияда дефолттун алдын алуу үчүн чукул саммитке чогулат


Евромейкиндикке мүчө 19 өлкөнүн лидери Грециядагы дофолтту токтотуп калуу үчүн ушул дүйшөмбү чукул жыйынга чогулат.

Бул мамлекеттердин финансы министрлери Грецияга «реформалар үчүн - накталай акча» - каржылык жардам берүү боюнча Люксембургдагы жолугушууда бир келишимге келе алышкан жок.

Афины Эл аралык валюта фондуна 750 млн.евро (840 млн.доллар) насыясын 12 күндүн ичинде төгүү керек. Фонддун директору Кристин Лагард насыянын мөөнөтү узартылбай турганын, карыз төлөнбөсө дефолт жарыяланарын бейшемби күнү жар салган.

Европа борбордук банкы ушул дүйшөмбүдөн баштап Грецияда банктар ачылбай турганын кабарлады.

Reuters агенттиги кабарлагандай, 15-июндан 17-июнга чейин грек банктарындагы аманатчылар өз эсептеринен эки миллиард еврого жакын сумманы чыгарып алышкан.

Шаршембиде Европа Комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер Грециянын премьер-министри Алексис Ципрасты “грек насыя кризисин чечүү үчүн чет элдик кредиторлор менен сүйлөшүү боюнча” жалган маалымат таркаткан деп айыптаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG