Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Ысык-Көлдө олимпиадалык борбор курулат


Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Ысык-Көлдө олимпиадалык стандартка шайкеш келген, ден соолукту чыңдап, калыбына келтирүүчү борборду курууга каражат бөлүп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын Улуттук Олимпиадалык комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай билдирүүнү ал 16-июнда Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев жолугушуп жатып айткан. Маалыматка караганда долбоорду ишке ашыруу үч баскычта жүрөт. Алгач жеңил атлеттер үчүн олимпиадалык стандартка шайкеш келген 400 метрлик чуркоо тилкеси курулат. Андан соң олимпиадалык стандарттагы велотрек салынышы керек. Бул эки долбоордун ишке ашуусуна баа берилгенден кийин борборду кеңейтүү маселеси каралат. Жогоруда аталган долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылса борборго башка спорттун түрлөрүн киргизүү маселеси каралып, кошумча спорттук имараттар салынат. Өз кезегинде мамлекет тараптан бул борборду курууга кайтарымсыз түрдө жер тилкесин же мекеменин ордун бөлүп бериши зарыл.

Учурда өкмөт тараптан долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик пансионатты же ден соолукту чыңдоочу борборду бөлүп берүү маселеси каралууда. Уюштуруу иштерин чечиш үчүн 20-июнь күнү, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов жетектеген комиссия Ысык-Көл облусуна сапар алат. (Ech/ TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG