Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Греция менен Орусия газ куурларын куруу боюнча келишимге кол коюшту


Орусиянын энергетика министри Александр Новак жана анын грециялык кесиптеши Панайотис Лафазанис, газ куурлары боюнча меморандумга кол коюуга бүгүн Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда жетишти. Ага ылайык Европага багытталган «Түрк агымы» деп аталган газ куурлары Грециянын аймагына түшөт.

Лафаназис кабарлагандай, долбоор орусиялык банктар тарабынан каржыланат. Ал ошондой эле «насыя кризисинин шартында Греция ыдык көрсөтүүгө эмес, колдоого муктаж болуп турганын» кошумчалады. Грециянын энергетика министри, «Орусия менен кызматташуу Европага же башка мамлекеттерге каршы аракет эмес» деп түшүндүрдү.

Орусия президенти Владимир Путин долбоорлонуп жаткан газ куурлары Грецияны ири транзиттик хабга айлантарын, муну менен Афины миллиарддаган доллар киреше табаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG