Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Быйыл 43 жаңы мектеп ишке берилет


Учурда өлкө боюнча 191 мектеп курулууда, жыл аягына чейин алардын 43ү жана эки бала бакча ишке берилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын маалыматында, 2012-2014-жылдары беш бала бакча жана 137 мектеп ишке берилген. “Капиталдык салым” беренеси алкагында дагы 32 мектеп үчүн каржылоо чечилген.

Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо деңгээли 18% түзөт, ал эми советтик мезгилде бул көрсөткүч 35% барабар болгон. Учурда Кыргызстан боюнча 1568 бала бакча болсо, анын 285и мамлекеттик, 992си муниципалдык жана 291и жеке менчик бала бакчалар болуп саналат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдөгү 2-6 жаштагы балдардын саны 772 464 түзөт. Алардын бардыгын бала бакча менен камсыздоого 280 орундук 2285 имарат керектелет. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 1700 бала кезекте турса, Бишкекте 1549 бала кезек күтүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG