Бул маалымат бүгүнкү 19-июндагы өкмөттүн жыйынында айтылды. Анда өкмөт башчы Темир Сариев Ошто пахта эгүү боюнча 55 пайыз, Жалал-Абадда 73 пайыз айдалганын айтып, мунун себебине кызыкты. Ал эми аталган облус бийликтеринин өкүлдөрү муну чий зат баасынын төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Өткөн жылы дагы дыйкандар пахта баа болбой калганын айтышкан. Кетирген чыгымды актоо үчүн баа бери дегенде 50 сом болушу керек. Былтыр республика боюнча 23 300 гектар жерге пахта эгилген. Анын 13 миң гектары Жалал-Абад облусунда, 10 миң гектары Ош облусунда. (TSh)