Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Аманбаев: СДПК фракциясы мени кызматтан алуу чечимин кабыл алды


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевге парламенттин Адам укуктары боюнча комитетинен СДПК фракциясынын акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу чечими жиберилген. Бакыт Аманбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, бул чечим адам укуктары боюнча бир нече мыйзамдарга каршы келет.

"Парламент ишимди канааттандырарлык эмес деп бааласа мындай чечимдин себептерин негиздеп бериши керек. Ошондой эле атайын комиссия түзүлүп, териштирүүсү зарыл. Азыр өлкөдөгү эң башкы укук коргоочунун укугу тепселенип жатат", – деди Аманбаев

Ал бул чечимин саясий деп баалап, ушул тапта аны каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди. 10-июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык отчетун угуп, аны канааттандырарлык эмес деп тапкан. Аманбаев Жогорку Кеңештин чечими боюнча Конституциялык палатага арызданаарын билдирген болчу. Буга чейин акыйкатчы парламент аны иштен алгысы келип жатканын айтып келген. Анын жүйөсүндө депутаттар үчүн алардын талаптарына моюн толгобогон, тил алчаак акыйкатчы керек. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG