Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Өзбекстан УКМКсынын запастагы офицери ачкачылык жарыялады


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкеримин деп өзүн тааныштырган Хикмат Зиядуллаев Фейсбуктагы баракчасына ачкачылык жарыялаганын жар салды. Зиядуллаев аны күч кызматынын өкүлү болгону үчүн чет өлкөгө чыгарбай койгондо нааразы болуп ушундай жолго барган.

«Мен укук коргоо органдарында мурда иштегеним үчүн эле чет өлкөгө чыгарбай жатышат. Бир нече жолку аракетимден майнап чыккан жок. Чет өлкөгө чыкканга уруксат бергиче мен ачкачылыгымды уланта берем» деп жазат күч кызматынын запастагы офицери.

Өзбекстандын бийликтери болсо Хикмат Зиядуллаев күч кызматында иштеп-иштебегенин тастыктай элек.

Маалым болгондой Өзбекстандан сыртка чыгууда жарандар сөзсүз түрдө атайын уруксат визасын алышы керек. Аны көпчүлүк мезгилде чиновниктер чоң суммага сатышат. Буга чейин коңшу өлкөлүк журналисттер жана укук коргоочулар да ушундай эле жол менен чет жакка чыга албай жатышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG