Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

ВИЧке кабылган балдардын ата-энелери нааразы


ВИЧке кабылган балдардын ата-энеси дарылар бекер берилбей жатканына нааразы. Эгер бала ооруканага жатса, ийне менен ампициллинден башка дары-дармек бекер берилбей турганын Оштогу СПИД илдетине кабылган балдардын ата-энелери билдиришет.

“ВИЧ илдетине кабылган балдар ооруканага жатып калса бардык дарылары бекер деп теледен айта беришет. Чындыгында андай эмес. Врачтар жазып берсе аргасыз алып келесиң. Мал сатсаң да, үй сатсаң да табасың” - дейт оорулуу баланын апасы.

Ал эми Оштогу СПИДке каршы күрөш борборунун жетекчиси Элмира Нарматова СПИД илдетине кабылган балдардын дарылары мамлекеттик камсыздоонун негизинде акысыз берилип жатканын кабарлады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда ВИЧ СПИД илдетине кабылган беш миң адамдын 20% 13 жашка чейинки балдар.(YI/TSh)

XS
SM
MD
LG