Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

«Ал-Каида» согушкерлердин лидеринин өлүмүн төгүндөөдө


Экстремисттик "ал-Каида" уюмунун Түндүк Африкадагы тобу Ливиядагы исламчыл согушкер Мухтар Белмухтардын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты. Магрибдеги "ал-Каида" бөлүмү Белмухтар (дагы бир аты Халид Абу ал-Аббас) «тирүү жана ден соолугу» жайында экенин Твиттердеги билдирүүсүндө айтты.

Ливиянын өкмөтү Түндүк Африкадагы козголоңчулардын таасирдүү фигурасы деп саналган Белмухтар авиасоккулардан кийин Сахаранын чек аралаш аймактарында каза болгонун жарыялаган.

Белмухтар 2013-жылы Алжирдеги газ кени чыккан жерде террордук чабуулдарды уюштурган деп айыпталып келет. Андагы чабуулда 38 киши каза болгон, алардын көбү чет өлкөлүктөр. Белмухтардын каза болгону тууралуу буга чейин да бир нече жолу кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG