Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:32

Орусияда кыргыз мигранттарынын "кара тизмеси" жарым-жартылай жоюлчудай


Президент аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү билдиргендей, 19-июнда Санкт-Петергбургдагы экономикалык форумдун алкагында президент Алмазбек Атамбаев Орусия менен Кыргызстан жарандарынын эки өлкө аймагында милдеттүү каттоого турбастан 30 күн жүрө алуусун караган келишимге кол коюу жөрөлгөсүнө катышты.

Келишимге Кыргызстан тараптан Москвадагы элчи Болот Жунусов, Орусия тараптан Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромoдановский кол койду.

Атамбаев Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Ромодановский менен Кыргызстан жарандарынын Орусияда жүрүүсүнө байланышкан башка бир катар маселелерди да талкуулады.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, ал жолугушууда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп жатканын эске алуу менен Орусияга кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн бул чектөөнү жоюу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бир гана шарт мигрантка тыюу салынган мөөнөттүн кеминде жарымы аяктаган болушу керек.

Муну менен катар Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан 2015-жылдын 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгуу жана кайра кирүүгө уруксат берилет.

Бул макулдашуулар Орусияда кыргыз мигранттары үчүн «кара тизме» жарым-жартылай жоюлушун түшүндүрөбү же жокпу азырынча так белгисиз. Расмий өкүлдөр кеңири түшүндүрмө бере элек.

Буга чейин маалым болгондой бүгүнкү күндө Орусияда Кыргызстандын миграциялык мыйзамды бузду делген 80 миңдей жараны «кара тизмеде», ал эми тобокел тобундагы эмгек мигранттарды кошкондо алардын саны 250 миңге жакын. (ERN/UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG