Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстанда 175 качкын бар


Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев билдирди. Анын айтымында, качкындардын басымдуу бөлүгүн (112 адам) Ооганстандан Кыргызстанга башпаанек издеп келгендер түзөт. Мындан тышкары Украинадан келген качкындар да бар.

Кыргызстандын акыйкатчысы өлкөдөгү качкындардын так санын аныктап, алардын көйгөйүн билүү максатында БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгы менен бирге мониторинг жүргүзүүнү сунуштоодо.

Бүгүн Качкындардын эл аралык күнү белгиленүүдө. БУУ жарыялаган маалыматка ылайык, дүйнөдө качкындардын саны 60 миллион кишиге жетти. Качкындардын катарын адатта куугунтуктар, куралдуу жаңжалдар, адам укуктарынын бузулушунан улам жер которууга мажбур болгон кишилер толуктап турушат. (AzK)

XS
SM
MD
LG