Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Сирия качкындардын эң ири очогуна айланды


Сириялык качкын балдар
Сириялык качкын балдар

Өткөн жылы Сирия Ооганстандан ашып өтүп, качкындардын эң ири очогуна айланды. 2011-жылы тутанган жарандык согуштун айынан 7,6 миллион киши өлкө ичинде жер которууга мажбур болгон. Дээрлик 4 миллион киши Ливан, Иордания жана Түркияда качкын болуп жүрүшөт.

Дээрлик 1,6 миллион адамга башпаанек берүү менен Түркия азыр качкындарды кабыл алуу жагынан биринчи орунда турат. Андан кийинки орунду 1,5 миллиондон бир аз ашуун качкынды батырган Пакистан ээледи.

Украинадагы жаңжал Орусияга келген качкындардын санын 232 миң адамга жеткирди. Украинанын өзүндө болсо 823 миң киши ички качкынга айланган. Дагы 19 миң украиналык дүйнөнүн 67 өлкөсүндө баш калка сураган.

БУУнун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 2014-жылы 126 миң 800 качкын гана үйлөрүнө кайта алган. Бул 31 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG