Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Түштүк Каролинадагы киши өлтүрүүгө шектелген Дилан Руфтун иши сотто каралды


Полиция 17-июнда болгон киши өлтүрүү фактысын расалык жек көрүү сезиминен улам болгон кылмыш деп мүнөздөөдө.

Афро-америкалык чиркөөдө тогуз кишинин өлүмү үчүн шектелип жаткан 21 жаштагы Дилан Руф сотто суроолорго өзүнүн аты-жөнүн, дарегин, жумушсуз экенин айтып, кыска гана жооптор менен чектелди. Чарлстондун судьясы бул жаранга мыйзамсыз курал сактаганы үчүн күрөөнүн көлөмүн 1 миллион доллар деп аныктап берди. Бирок ал ыйгарым укуктары чектелүү болгону үчүн киши өлтүрүү айыбы боюнча күрөөнүн көлөмүн аныктаган жок. Чиркөөдө жакындарын жоготкондордун айрымдары Руфка кайрылып, аны кечиргенин билдиришти.

Полиция кылмышты расалык жек көрүүдөн улам болгонун белгилесе, АКШнын юстиция министрлигинин басма сөз катчысы бул кылмыш ички терроризмдин көрүнүшү катары иликтенерин билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG