Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандарга үй курула баштады


Райондун Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө турак жай куруу иштери башталды. Жашасын айылынан 10 үй-бүлөгө сегиз сотыхтан жер тилкеси бөлүнүп берилип, бүгүн турак-жайлардын алгачкы пайдубалдарын түптөө аземи өттү.

Иш-чарага катышкан өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жабыркагандарга жер укугуна ээ болгон кызыл күбөлүгүн тапшырып, 31-августка чейин мамлекет сегиз үйдү куруп бүтөрүн убада кылды. Сегиз турак жайды курууга президенттин резервдик фондунан ар бирине 1,4 млн. сом каралып, аны ӨКМдин адистери куруп жатат. Ал эми калган эки турак үйдү жашоочулар өздөрү курушат.

Кыр-Жолдуктар башка жашоочуларга да ушул жерден жер тилкелери ажыратылып, мамлекет эртерээк алардын да маселесин караса деген суранычын билдиришти.

Өткөн айдын 24-майына караган түнү Сузактын Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, беш үйдү басып калган жана алты адам каза болгон. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG