Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Барак Обама америка коому дагы эле расизм менен оорулуу экенин айтты


Бул туурасында ал Сан-Францискодо Түштүк Каролина штатындагы чиркөөдө каза болгондорду эскерип жатып билдирди. Полиция чиркөөдөгү афро-америкалык жарандардын өлүмүн расалык жек көрүүчүлүк сезимдин кесепети катары эсептеп жатат.

Барак Обама 17-июнда чиркөөдөгү адамдарга ок чыгарган адамдын иш-аракети расизм оорусу бар экендигинен кабар берерин белгилеп, бул социалдык илдет менен чогуу күрөшүүгө чакырды. Ал расизм жаш адамдардын аң-сезимин бузуп, америкалык идеалдарга, демократияга шек келтирерин айтты.

Обама ок атуучу куралдарды колдонууну көзөмөлдөө маселеси боюнча ири дебаттарды уюштурууга жана бул маселеде коомчулуктун пикирин эске алууга чакырды.

21 жаштагы Дилан Руф аттуу жаран 17-июнда Чарлстондогу чиркөөдө жарандарга ок чыгарды деп шектелүүдө. Бул окуядан тогуз киши мерт болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG