Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Окуучулардын аттестат алуу аземине укук коргоо органдары көз салат


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эртең борбор калаадагы 96 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болот. Бул иш-чара учурунда коомдук тартипти сактоого жана көз салууга 500 милиция кызматкери тартылат. Ар бир мектепте үчтөн укук коргоо кызматкери иш алып барат.

Билим берүү министрлиги быйыл бүтүрүү кечелерин мектептен тыш коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салган. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери кечинде түнкү оюн-зоок клубдарда, коомдук жайларда рейд жүргүзүшөт.

Кечээ Бишкекте мектептердеги 9-класстардын окуучуларына аттестаттар тапшырылып, салтанаттуу кечелер тартип бузуусуз тынч өттү. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG