Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Суицидге барган 13 жаштагы баланын өлүмү иликтенүүдө


Бул тууралуу Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, Баткен шаарындагы Сыдык Айтматов атындагы мектептин 13 жаштагы окуучусу 18-июнь күнү өз үйүндөгү сарайда муунуп калган. Өспүрүмдүн атасы үч жыл мурда каза болгон. Энеси Орусияга иштегени кетип, бала таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Азырынча бала эмне үчүн мындай жолго барганы тактала элек.

Баткен облусу боюнча жыл башынан бери өз өмүрүнө кол салып, 6 өспүрүм каза тапкан. Алардын басымдуу бөлүгү ата-энеси Орусияга иштеп кеткен, толук эмес үй-бүлөдө өсүп жаткан балдар болуп саналат. Мындан тышкары Баткен шаарында соңку учурда дары ичип ууланып, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган учурлар көп катталууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG