Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Чарлстондогу кылмыштын жаңы жагдайлары белгилүү болууда


Түштүк Каролинада Чарлстон чиркөөсүндөгү афро-америкалык жарандарга ок чыгарды деп шектелип жаткан 21 жаштагы Дилан Руф башында чиркөөдөн мурда коллежге кол салууну мерчемдеген. Бул тууралуу АКШнын массалык маалымат каражаттарына Руфтун кошунасы, 22 жаштагы Кристон Скривен билдирген. Анын айтымында, Дилан Руф буга чейин Чарлстон коллежине барып ок чыгаруу ниети бар экендигин айткан. Бирок Руф ал жерге кирүү кыйын болгондуктан өзүнүн планын өзгөрткөн болушу мүмкүн.

17-июнда Руф Дилан жергиликтүү чиркөөдө ок чыгарган деп шектелүүдө. Окуянын кесепетинен тогуз киши мерт болгон. АКШ президенти Барак Омаба бул окуядан кийин америка коому дагы эле расизм менен оорулуу экенин айтып, бул социалдык илдет менен чогуу күрөшүүгө чакырды. (AzK)

XS
SM
MD
LG